Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдөгү мектептерде жана ЖОЖдордо билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр.
Бул тууралуу Россиянын Федерация Кеңешинин комитет төрайымы Лилия Гумерова Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Маматалиев кыргызстандык балдарды Россиянын мектептерине кабыл алууда милдеттүү тил сынагынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары, Кыргызстанда курула турган орус тилдүү тогуз мектептин алгачкы үчөөнү Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы белгиленди.



