“Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелер 2027-жылдын 1-январынан тарта пенсиясына кошулуучу ай сайынкы төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт.
Жогорку Кеңештин маалыматына ылайык, тиешелүү мыйзам долбоору парламентте үч окууда кабыл алынды.
Депутат Камила Талиеванын айтымында, бул төлөмдүн өлчөмү 2011-жылдан бери өзгөргөн эмес. Баалардын өсүшүнө байланыштуу аны көбөйтүү зарылдыгы жаралган.
Жаңы өлчөмдөгү төлөмдү 30 миң 609 эне алат. Бул максатта 2027-жылдын бюджетинде 1,5 млрд сомго жакын каражат каралган.
Белгилей кетсек, тиешелүү жарлыкка президент буга чейин кол койгон.



