Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери аяктады. Республика боюнча 617,7 миң гектар аянттан жалпы 2 млн 386 миң тонна дан эгиндери жыйналды.
Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинде 742,5 миң тонна буудай, 644,6 миң тонна арпа, 896 миң тонна жүгөрү жана 81,9 миң тонна чанактуу өсүмдүктөр алынды.
Ошондой эле 1080,5 миң тонна картошка, 967,1 миң тонна жашылча жана 245,3 миң тонна бахча өсүмдүктөрү жыйналды.
Ал эми күздүк эгиндерди себүү иштери уланууда. Азыркыга чейин пландалган 200 миң гектардын 75,45 миң гектарына себүү жүргүзүлдү.



