Манас шаарында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында “Үгүт жүрүш” иш-чарасы өткөрүлдү.
Бул тууралуу Манас шаарынын ЖКККБ басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында кырсыкка кабылган унаалар эвакуаторлорго жүктөлүп, аларды тез жардам, өрт өчүрүү жана кызматтык унаалар коштоп жүрдү. Унааларга жол коопсуздугу боюнча чакырыктар жазылган лозунгдар орнотулду.
Мындан тышкары, шаардын борбордук көчөлөрүндө жана эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучуларга жол эрежелерин бузуу коркунучтары тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, тесттер уюштурулду. Активдүү катышуучуларга белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.



