“Кыргызтестте” бардык сынактар компьютердик форматта өтүп, жыйынтыктарды өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
Бул тууралуу мекеменин директору Батма Топоева-Ставинская “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, тесттин үч бөлүгү компьютер аркылуу автоматтык түрдө бааланат. Катышуучу акыркы жоопту белгилегенден кийин жыйынтыгы дароо экрандан чыгат. Жетекчилик тестирлөөнүн жүрүшүнө кийлигише албайт жана жоопторду өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жок.



