Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүчү экинчи завод курулат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы завод биринчи ишканадан эки эсе чоң болуп 60 МВт электр станциясын иштетүүгө жана суткасына 2 миң тонна таштандыны жагуууга шарт түзөт.



