Өлкөдөгү бардык шайлоо участкалары видеокөзөмөл камералары менен камсыздалып, добуш берүү процессин онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, шайлоо күнү Бишкектеги “Парк-Отель” мейманканасында коомдук палата ачылат. Ал жерден жарандар, журналисттер жана байкоочулар өлкөнүн каалаган аймагындагы шайлоо участкаларындагы кырдаалды видеокамералар аркылуу көзөмөлдөй алышат.



