Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жарандарды президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Анын айтымында, шайлоо күнү добуш берүүгө барган кызматкерлерге ошол күн үчүн эмгек акы төлөнөт. Ал эми добуш берүүгө катышпагандарга бул күн үчүн айлык акы берилбейт.
Иш берүүчүлөр кызматкерлеринин шайлоого катышкан-катышпаганын БШКга расмий кайрылуу аркылуу тактай алышат. Ошол эле учурда жарандардын кимге добуш бергени тууралуу маалымат купуя сакталат.



