Мамлекеттик салык кызматы иш жүзүндө иштебеген компаниялар менен жеке ишкерлерди каттоодон чыгаруунун үчүнчү этабын баштады.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул этапта 66 миң салык төлөөчү камтылат. Алардын катарына бир жылдан ашык убакыттан бери отчет тапшырбаган, иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн жана маалымат системаларында эки жылга чейин маалыматы жок ишкерлер кирет.
Компаниялар сот аркылуу жоюлса, жеке ишкерлердин каттоосу Салык кызматы тарабынан соттун чечимисиз эле жокко чыгарылат.



