Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарындагы муниципалдык жылуулук ишканасынын кышка даярдыгы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, ишкана 2 миң абонентти жылуулук менен камсыздайт. Жылдык көмүр керектөөсү 7000 тоннаны түзүп, учурда анын 2700 тоннасы жеткирилген. Көмүр муктаждыкка жараша кошумча ташылып турат.



