Ысык-Көл облусундагы жаратылыш коруктарынын биринде кулжалар токойчунун үйүнүн жанында жүргөнү видеого түшүрүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, токой кызматкери аймакты кыдырып жүрүп, суунун жээгинде турган ири кулжаны да тасмага тартып алган. Адамды байкаган жаныбар кайра тоону көздөй качып кеткен.
Министрликтин белгилешинче, жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо иштеринин натыйжасында акыркы жылдары аркар-кулжалардын саны табигый түрдө өсүүдө.



