“Кумтөр Голд Компани” мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды.
Алардын негизгилерине токтолсок:
Балыкчы базасы кеңейтилди. Анын аянты дээрлик эки эсеге көбөйүп, күйүүчү май сактоочу резервуарлардын саны 9дан 19га жетти. Ал эми сактоо көлөмү 12 миңден 32 миң куб метрден ашты.
Тоголок алтын кенин өздөштүрүү башталды. Кенде жолдор, көпүрөлөр жана электр линиялары курулуп, карьер менен алтын ылгоочу фабриканын курулушу боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жер алдынан алтын казуу долбоору ишке кирди. 2025-жылы башталган долбоордун алкагында атайын техникалар сатылып алынып, жер алдындагы жолдор казылууда. Бул долбоор Кумтөр кенинин иштөө мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартууга шарт түзөт.
Алтын ылгоочу фабрика модернизацияланды. Жаңы эритүүчү отказандар, мунаралуу тегирмендер жана буу генераторлору орнотулду. Натыйжада алтынды бөлүп алуу көрсөткүчүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Агрегаттык оңдоо цех ачылды. Мындан ары оор техникалардын негизги тетиктери жана агрегаттары кендин өзүндө оңдолот. Бул өндүрүштүн үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүп, кошумча чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.
Компаниянын маалыматына ылайык, мамлекеттик башкарууга өткөндөн берки беш жыл ичинде жалпы киреше 6 миллиард 128 миллион долларды түзгөн. Ал эми салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү 1 миллиард 454 миллион долларга жеткен. Кыргызстан үлүштүк киреше катары 741 миллион доллар алган.



