Ноокен районунун Достук айылында “Кең-Сай” бажы-логистикалык терминалы ачылды.
Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, жалпы аянты 8 гектар болгон терминал бир убакта 420 жүк ташуучу унааны кабыл алат. Анын 220 орду импорттук, 200 орду экспорттук жүк ташуучу унаалар үчүн каралган.
Комплексте электрондук кезек системасы, таразалоочу аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлү жайлары жана брокерлер үчүн бөлмөлөр каралган.
Жаңы терминал унаалардын кыймылын тартипке келтирүүгө, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордогу тыгындарды азайтууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташууларды жеңилдетүүгө багытталган.



