Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагына 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорго Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фонду 10 млн кувейт динары өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов фонддун делегациясы менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады.



