Дүйнө жүзүндө бир миллиарддан ашык адам организмдеги темир жетишсиздигине туш болот. Бирок анын белгилери башка ооруларга окшош болгондуктан, көп учурда кеч аныкталат.
Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, бат чарчоо, алсыроо жана көңүлдү топтой албоо темир жетишсиздигинин белгилери болушу мүмкүн. Убагында аныкталбаса, бул абал аз кандуулукка алып келет.
Мындай көйгөйгө көбүнчө өспүрүм кыздар, кош бойлуу аялдар, балдар жана улгайган адамдар кабылышат. Темир жетишсиздигин аныктоо үчүн гемоглобин менен катар ферритиндин деңгээлин да текшерүү сунушталат. Ошол эле учурда адистер дарыгердин көрсөтмөсүз темир препараттарын ичпөөгө чакырышат.
Анткени организмде темирдин ашыкча топтолушу да ден соолукка зыян келтириши мүмкүн.



