Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион салынууда.
Долбоордун негизги максаты — балдары борбордо дарыланып жаткан ата-энелерге жашоого жана эс алууга ылайыктуу шарт түзүү. Пансиондун аянты 3500 чарчы метр, 70 орундуу пансиондо 14 эки кишилик номер, намазкана, конференц-зал, спорт зал, ашкана, кир жуучу жай жана башка керектүү бөлмөлөр каралган.
Курулушту «Кыргызкурулуш» аткарып, Президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Учурда иштер график боюнча жүрүүдө: А блогунда плита жабуу, Б блогунда мамычаларды орнотуу, В блогунда плиталарды бетондоо бүткөн.



