Бүгүн, 21-ноябрь саат 12:00 чамасында Алай РИИБге денесинен алган жаракаттарынан улам каза болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн.
Факт катталып, окуя болгон жерге Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин жетекчилери, ыкчам-тергөө топтору чыгышкан.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Алдын ала маалымат боюнча, 20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү Алай районунда 1989-жылы туулган М.Б. үйүндө мас абалында жубайы, 1990-жылы туулган К.А. менен урушуп, аны муунтуп өлтүргөн.
Шектүү М.Б. кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда. Жубайлар буга чейин милицияга кайрылышкан эмес.



