Кечээ, 20-ноябрда “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери 1479 тонна таштанды чыгарышты. Анын 1281 тоннасы — катуу тиричилик калдыктары, 198 тоннасы — ири көлөмдөгү таштандылар.
Ал эми бүгүн, 21-ноябрда, калган таштандыларды чыгаруу уланууда. Кошумча 31 атайын техника тартылды: 8 жүктөгүч жана 23 HOWO жүк ташуучу унаа.
Мындан тышкары, шаар боюнча КТК чыгаруу үчүн күнүмдүк тартипте 115тен ашык техника иштеп жатат.
Массалык таштанды чыгаруу акциясы 20-21-ноябрда өттү. 21-ноябрда саат 17:00гө чейин тургундар эски эмеректерди, ири буюмдарды, жалбырактарды жана бутактарды сыртка чыгара алышты.
21-ноябрдагы таштандынын жалпы көлөмү 22-ноябрда эсептелип, жыйынтыгы жарыяланат.
Мындан ары таштанды чыгаруу белгиленген график боюнча кадимки тартипте жүргүзүлөт.



