7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-декабрдан тарта Кыргызстандын аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест талап кылынат

746

Министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырылаарын билдирди.

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттык сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747