1-июнда Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин буйругу менен балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата П. Шубин атындагы борборлоштурулган балдар музыкалык мектеби тарабынан даярдалган “Балдар-жердин жандуу гүлдөрү” аттуу майрамдык иш-чара өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталат. Концертке аталган окуу жайдан жалпы 200гө жакын окуучу катышат.
Иш–чара өлкөдөгү эпидемиялогиялык абалды эске алуу менен уюштурулат. Концерттин эң негизги меймандары Маданият министрлигинин Бишкек шаарындагы кураторлукка алынган мектеп окуучулары жана балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары болмокчу.
Министрдин бир күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 13:00дө башталат. Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөр боюнча интерактивдүү экскурсия, пластилинден аквариум жасоо мастер-классы, кинозалда Кыргыз Улуттук Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган «Замки на песке» тасмасы көрсөтүлүп, бөбөктөргө министрдин чакан белеги таратылат.
Эскерте кетсек, чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде дагы уюштурулат.