7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Кимдер үчүн?

181

1-октябрдан тарта «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, пенсия кайрадан эсептелип чыгат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Муканбетов «Кабар» агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Ал эмне үчүн так ушул мыйзамга таянганын мындайча түшүндүрдү: «Пенсияга тиешелүү башка мыйзамдар да бар. Мисалы, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн. Бул жогорулатуу аларга тиешелүү эмес. Алар пенсияны башка мыйзамдарга ылайык алышат. Алдын ала белгилүү болгондой, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 818 миңге жетет, ал эми 1-сентябрга карата бул көрсөткүч 814 миңге жакын болчу. Мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүш бар. 2010-жылдары алардын саны 530 миңге жакын болчу. Бул пенсияны улгайган адамдар, майыптар, багуучусунан ажырагандар жана башкалар алышат», — деди ал.

Муканбетов кошумчалагандай, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон жогору болгон пенсионерлер үчүн жогорулатуу 10 пайызды түзөт.

«Эгерде былтыр пенсионер 6900 сом алган болсо, анда минималдуу жогорулатуу босогосу 600 сомду түзөт. Жалпысынан 1-октябрдан тарта 7500 сом алат. Былтыр президенттин жарлыгына ылайык, пенсиянын минималдуу өлчөмү жашоо минимумуна жеткирилген», — деп белгиледи ал.

182