7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек арага зым тартуу иштери кызуу жүрүүдө

214

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы чек араны тосуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Чек арага зым тартуу иштери учурда Баткен районунун Самаркандек айылынын Сары-Таш жерлигинде жана Лейлек районунун Ак-Арык айылында уланууда.

Чек араны тосуу иштери 1-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин Лейлек районунда 26,08 чакырым, Баткен районунда 18,5 чакырым аралыкка жүргүзүлдү. Жалпы Баткен облусу боюнча 44,58 чакырым аралыкка зым тартылды.

2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат.

215