1-сентябрдан тарта Москвада жана Москва облусунда миграциялык каттоого туруу үчүн «Амина» мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон чет өлкөлүктөрдүн тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган күндөн тартып 18 жаштан ашкан төмөнкү категориядагы чет өлкөлүктөр тиркемени орнотуп, зарыл процедуралардан өтүп, миграциялык каттоону тариздеши керек:
Москванын жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган студенттер;
Бул аймактарда эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу жүргөн чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрү;
Москвага жана Москва облусуна жеке, коноктук, туристтик жана башка эмгекке байланыштуу болбогон максаттар менен келген, эгерде алардын жүрүү мөөнөтү 90 календардык күндөн ашса.
18 жашка чейинки чет өлкөлүктөргө «Амина» тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы жайылтылбайт.
Эмгек министрлиги аталган категорияларга кирген Кыргызстандын жарандарына тиркемени алдын ала орнотуп, миграциялык каттоону тариздөө үчүн керектүү процедуралардан өтүүнү сунуштайт.
Мекеме өзгөртүүлөргө өзгөчө студенттерди, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Москвада жана Москва облусунда узак мөөнөткө болууну пландаган кыргызстандыктарды көңүл бурууга чакырат.



