7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«10 баш малды талаада союп салган». Аксыда мал уурулук менен алектенген эки жаран кармалды

303

Аксы районунунда мал уурулук менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү Аксы РИИБне  жети жаран арыз менен кайрылгын. Анда алардын жалпы 10 баш малы белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдалып кеткендигин айтып, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат Аксы РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

14-15-ноябрь күндөрү кылмышка шектүү катары Аксы районунун эки тургуну  Токтогул районунан  кармалды. 1984-жылы туулган С.Ж. жана 1994-жылы туулган А.уулу К. экендиги аныкталып, алар 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил автоунаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке  алып барып сатышкандыгы аныкталып, жасаган иштерин толугу менен  мойнуна алышкан.

Алар Аксы райондук соту тарабынан эки айга камакка  алынды.

 

304