Украинанын Винницкая облусунун 10 жаштагы тургуну карылыктан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, кызынын өлүмү тууралуу апасы Facebook баракчасы аркылуу билдирген.
«Ирочкам көз жумду. Кечээ анын жүрөгү токтоп калды. Бул ирет сени сактап кала албаганым үчүн кечир», — деп жазган ал.
«Кыз сейрек кездешкен, айыккыс прогерия дартынан жабыркап келген. Мында тери жана ички органдар өзгөрүп, организм тез картая баштайт. Башында бир нече ай наристе кадимки балдардай эле өсөт, андан кийин картаюу бир нече эсеге тездей турганы айтылды. Тери кургак болуп, бырыш басып, баш чоңоюп, ээк жагы өспөй калат»,-деп берилет маалыматта.
Ошондой эле прогерия дарты менен жабыркагандар бир жыл ичинде 10 жылга картайып кетет. Аталган дартка балдар чалдыкканда орточо 13 жыл гана жашай алышат.
Белгилей кетсек, медиктер каза болгон Иринага 5 жашында диагноз коюшканы белгилүү болду.