7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«100 миң сом таап бересиң». Жалал-Абадда акча опузалагандар кармалды (видео)

356

Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, 27 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш эки адам андан «100 миң сом таап берүүнү» талап кылышканын билдирген. Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-февралында саат 14:30 чамасында болгон.

Милиция шектүүлөрдү 29-февралда опузалап талап кылынган акчанын 15 миң сомун алып жатканда колго түшүргөн. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары экендиги аныкталды: 23 жаштагы Ю.Ф., 20 жаштагы А.А, И.В., жана 19 жаштагы И.И.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

357