7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчик лабораториялар анализдердин баасын 50%га чейин төмөндөтөт

509

Жеке менчик лабораторияларда калкка көрсөтүлүүчү лабораториялык кызматтардын баасы төмөндөтүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында 30%га чейин төмөндөтүүгө жетишилди. Алар:

  • «Интелмед» («Бонецкийдин лабораториясы»);
  • «Аквалаб»;
  • «Евролаб»;
  • «Гемотест»;
  • «Экспресс-Плюс»;
  • «Медикана»;
  • «Лазмед клиникасы»;
  • «Гуман»;
  • «Интер-Лаб» («Инвитро»);
  • «Интермедикал»;
  • «Фарватер».

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр кызматтардын баасын 15%га чейин төмөндөттү. Алар:

  • «Юни-Хелп»;
  • «Лаб-Сервис»;
  • «Кокомерен»;
  • «Юрфа»;
  • «Эль-Фарм»;
  • «Медикс-Элес»;
  • “Медцентр.кж”;
  • “Би-Хелс-Фарм»;
  • «Эрай-Фарм»;
  • «Фарватер»;
  • «Мээр-Чөп»;
  • «Мирамед жана Ко»;
  • «БиЛайв»;
  • «Медитэк»;
  • «Меди-Прогресс»;
  • «Дайра-Фарм” сыяктуу бир катар ЖЧКлар.

Мындан тышкары, «Юрфа» ЖЧКнын жетекчилиги «Текшерүү томографиясынан» өтүү кызматын 20%га төмөндөттү. «Томографиядан өтүү» кызматынын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү. Муну менен катар, лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен «Интелмед» — «Бонецкий лабораториясы» ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50%га чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

510