Кыргызстандын бүткүл аймагын өзүнө камтыган экинчи масштабдуу технологиялык “Стартап-Нация” хакатону аяктады. Бул маанилүү иш-чараны алдыңкы өнөктөштөрү: өлкөнүн алдыңкы акселератору Accelerate Prosperity, Codify жана Кыргызпатент. Өткөн жылы биринчи хакатон ийгиликтүү өткөндөн кийин, бул жылы иш-чара улуттук масштабга ээ болуп, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген таланттуу инноваторлордун жана стартаптардын көңүлүн бурду.
Хакатондун акыркы күнү өзгөчө интрига жана энтузиазм менен коштолду. Башында түзүлгөн 139 команданын ичинен 30у финалга чыкты. Бул хакатонго өз командаларын түзүп, 48 саат бою долбоорлордун үстүндө иштеген катышуучулар калыстар тобуна өздөрүнүн инновациялык идеяларын жана иштеп чыгууларын тартуулашты. Ишкердиктин ар кыл тармагындагы эксперттер ар бир долбоорду анын потенциалына, техникалык татаалдыгына жана социалдык маанисине карап кылдаттык менен баалашты.
Хакатондун финалдык күнүндө презентациялар, демонстрациялар жана талкуулар уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн иштеп чыккандары жөнүндө айтып берүүгө, ойлору менен бөлүшүүгө жана эксперттердин суроолоруна жооп берүүгө мүмкүндүк берилди. Бул этап стартап жаратуучуларга өз долбоорлорунун артыкчылыктарын көрсөтүү жана потенциалдуу инвесторлордун, өнөктөштөрдүн ошондой эле колдонуучулардын кызыгуусун арттырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Долбоорлордун деңгээли жыл сайын жогорулап баратканы билинет. Көпкө созулган талкуулардан кийин калыстар тобу чечим чыгарып, эң мыкты долбоорлорду тандап алышты, мисалы:
1. “Амейда”/Ameeyda! — онлайн тиркемеде Кыргыз Республикасынын кооз жерлери боюнча экскурсиялар;
2. Cofilm AI — вирустук контентти жазуу куралы;
3. Ada, Vision project — дүлөй жана дудук адамдардын жаңсоолорун аудио жана текст форматында тааныган тиркеме.
«СТАРТАП-НАЦИЯ» CODIFY IT-компанияларынын тобу тарабынан ишке ашырылат жана Аксеlerate Prosperity Ага Хан өнүктүрүү уюмунун бизнес- инкубатору (АКДН демилгеси) АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) «Жергиликтүү өнүгүү» долбоору тарабынан каржыланат. Бул хакатондун расмий өнөктөштөрү болуп Veles finance жана медиа өнөктөшү Намба Медиа .