7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы автобустар жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жакшыртат

690

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап жана ыңгайлуу автобустар менен толукталууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1000 автобус сатылып алынган, анын 500 даанасы ушул жылдын аягына чейин келиши күтүлүүдө.

Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

“Жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт. Бул ар бир мүнөт маанилүү болгон заманбап жашоо ритминде өзгөчө маанилүү. Ушуга байланыштуу Тулпар транспорттук карталарын сатып алууңуздарды суранабыз”,-дешти мэриядан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691