7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга микроавтобус сатып берилди

303

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын кызматкерлери кайрымдуулук демилгесинин алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөтүштү. Компаниянын негизги салымы менен каражаттын басымдуу бөлүгү чогултулуп, анын эсебинен микроавтобус сатып алынды.

Транспорт «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Ал, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын билим берүү мекемелерине ташуу үчүн колдонулат.

Иш-чаранын алкагында балдар үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна экскурсия уюштурулуп, алар аэропорттун иши, инфраструктурасы жана авиациялык кесиптер менен таанышышты.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов компаниянын ишмердүүлүгү жана жарандык авиацияны өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу айтып берип, жаш муун үчүн билимдин жана билимге умтулуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Компания балдарды колдоого жана коомду өнүктүрүүгө багытталган социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорду мындан ары да ишке ашырууну улантат.

304