23-апрелде 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов дүйнө салды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Арзыгул Мамарасулов 1921-жылдын 1-июнунда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Сай-Бою айылында төрөлгөн. 20 жаштагы жигит 81-атчан полктун курамында Советтик Армиянын катарына кошулуп, алты айлык кенже командирлер курсун аяктагандан кийин фронтко жөнөтүлүп, Новочеркасск, Батайск, Ростов-на-Дону, Нальчик, Бесланда согушкан.
1943-жылдан 1983-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Сакалды айылынын колхозунда эмгектенген. Күжүрмөн эмгеги үчүн Ата Мекендик Согуштун 1-даражасындагы ордени, Жуков медалы жана Улуу Ата-Мекендик согуштун башка юбилейлик медалдары менен сыйланган.
Мамарасуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Куралдуу Күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров катышты. Маркум туулган айылында жерге берилди.