Кечээ, 26-августта Ысык-Көлдүн жээгинде ММА боюнча Азия чемпиондугунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу 7-каналдын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, ММА боюнча Азия чемпионаты өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Аталган чемпионатка Индонезия, Таиланд, Индия, Ливан, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Палестина ж.б. өлкөлөрдөн спортчулар келишкен.
Программанын салтанаттуу бөлүгүндө Кыргызстандын «ММА жана профессионалдык мушташ федерациясынын» президенти Бабур Тольбаев, ошондой эле Дүйнөлүк ММА-ГАММА Ассоциациясынын президенти — Александр Энгельхард катышты.
Чемпионаттын өкүлдөрүнөн тышкары, ачылышта 2021-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов сөз сүйлөп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле залга Кыргыз Республикасынын Президентинин спорт боюнча кеңешчиси Руслан Кыдырмышев жана UFC уюмунун Кыргызстандагы мушкери Рафаэль Фийзиев катышты. Чемпионатка башкы калыс катары Германиядан Майкл Вохтер, ошондой эле Чехия, Украина, Бельгия жана Швейцариядан келген калыстар тобунун мүчөлөрү чакырылган. Биринчи салгылашуу кечээ, 26-августта башталды жана 28-августка чейин созулат.