11 айда бюджеттин кирешеси 137.2 млрд сомду түзүп, план 105%га аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 41.4 млрд сомго өскөн (43.2%). Ошондой эле июнь айында киреше 7 млрд сомго артта калып жаткан болсо, учурда 500 млн сомго гана жетпей жатат.
«Жалпысынан 95.7 млрд сом чогултулуп, пландан 104.2%га же 3.8 млрд сомго көп жыйналды. 2020-жылга салыштырмалуу 25.4 млрд сомго көбөйгөн. Биздин республикалык бюджеттин абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр», – деди Амангелдиев.