7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

11 жашар балага ыдык көрсөткөн шектүү 13 жылга кесилди

1303

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11-жашар баланы тоого алып барып, зордуктаган жаран 13 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Ысык-Көл облустук соту 11-мартта кабыл алды.

 

Маалыматка таянсак, 11-жашар баланы зордуктаганга айыпталып жаткан жаран 13 жылга эркинен ажыратылып, 50 000 сом өлчөмүндө моралдык зыян катары жабырлануучу тарапка төлөп берүүгө милдеттендирилген.

 

Тергөө органдарынын айтымында, кылмыш 2020-жылдын 27-февралынан 28-февралына караган түнү жасалган. Ошол эле айылдын тургуну, 2007-жылы туулган айылдашын ээн талаага алып барып, ага карата зордук-зомбулук аракеттерин жасаган.

 

Бирок, соттолуучу күнөөсүн мой‏нуна алган эмес. Анын айтымында, ошол күнү мас абалында болгон. Жакын туугандарынын үйлөнүү тойуна мал сатып алуу үчүн тоо тарапка туугандарыныкына бара жатканда жолдон айылдашы 11 жаштагы бала жолугуп калган. Аны арабага салып алып, туугандарынын үйүнө мал тууралуу сүйлөшүп, кайра келгенин айткан.

 

Белгилей кетсек, жабырлануучу социалдык кызматкердин жана жакын туугандарынын коштоосунда сурак берген. Анын айтымында айылдашынын арабасына олтуруп алып, тоо тарапка барганын тастыктап, соттолуучу кийинчерек аны башка согуп, эсин оодарып, зордук-зомбулук көрсөткөнүн айтты.

 

Жыйынтыгында Ак-Суу райондук сотунун судьясы Э.Шаршеев аны күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1304