Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында маданият үйү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге министрдин орун басары Илязбек Балташев катышкан.
Жаңы ачылган Маданият үйүнө залкар манасчы Каба Атабековдун ысмы ыйгарылды.
Учурда райондо 23 клубдук мекеме, 29 китепкана, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарында балдардын музыкалык мектептери бар. Буга чейин Тоң, Кара-Коо, И.Тойчубеков атындагы маданият Υйлөрү, Оттук айылындагы айылдык клуб, Бөкөнбаев айылындагы балдардын музыкалык мектептери толук капиталдык оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө толук кандуу иш жүргүзүп келет.
Маалымат боюнча учурда Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Мойнок-1 айылдык клубуна Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп жатат.