Ош шаарындагы №49 “Таң-Шоола” бала бакчасы капиталдык оңдоодон кийин кайра пайдаланууга берилди.
Ош мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоо иштери 2026-жылдын августунда башталган. Анда имараттын фасады жаңыланып, терезелери алмаштырылды. Ошондой эле балдар үчүн заманбап оюн аянтчалары курулуп, коопсуз резина төшөлмөлөр төшөлдү.
Ачылыш аземине мэр Жанарбек Акаев катышып, бала бакчага эки телевизор белек кылды.



