18-ноябрда өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү системасы тесттик режимде текшерилет.
БШК бардык президенттикке талапкерлерди, алардын тарапташтарын жана шайлоого кайдыгер карабаган жарандарды тестирлөөгө активдүү катышууга чакырат.
Бул системанын ишин өз көзү менен көрүп, мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктап, суроолорго жооп алууга жакшы мүмкүнчүлүк деп айтылат БШКнын маалыматында.



