Ысык-Көл облусунда 110 жаранга акысыз юридикалык консультация берилди
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, көчмө кабылдамалар Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда уюштурулду.
Жарандар негизинен жер талаштары, мурасты тариздөө, алимент өндүрүү жана адвокаттык кызматтар боюнча кайрылышкан.
Мындан тышкары, жазуу жүзүндөгү арыздар кабыл алынып, тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлдү.



