7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жана өкмөттүк делегацияга самолет сатып алынды

147

Кыргыз Республикасына жаңы “Airbus A320” үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан  Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи.

“Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду вертолетторду сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп Президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

 

148