2021-жылдын 7-январында 185 миллиард долларга бааланган байлыгы менен «Дүйнөдөгү эң бай адам» деген наамды алган Илон Маск туурасында кызыктуу фактыларды топтодук.
1.Илон Риф Маск — америкалык инженер, миллиардер, SpaceX, Tesla компанияларынын башкы директору.
2. Илон Маск 1971-жылы 28-июнда Түштүк Африканын Претория шаарында төрөлүп-өскөн.
3. 1995- жылы ал Стэнфорд университетинде окуу үчүн Калифорнияга көчүп кеткен, бирок бизнес жаатына болгон кызыгуусу артып, агасы Кимбал менен бирге Zip2 интернет-программалык компаниясын негиздеген.
4. Маск 12 жашында космос темасындагы интернет оюнду ойлоп тапкан.
5. 2013-жылы Илон Маск Жеймс Бондун сууда жүрүүчү автоунаасын 997 000 долларга сатып алган. Бул сууда жүрүүчү автоунаа “Шпион который меня любил” тасмасында көрсөтүлгөн.
6. 2014-жылы “Ad Asrta” деген аталыштагы SpaceXте жеке мектебин ачкан, анын айтымында жөнөкөй билим берүүчү мектептер татыктуу билим бере албайт. Бул мектепте анын балдары жана SpaceX компаниясынын кызматкерлеринин балдары окуй алган.
7. Илон Маск 2009-жылы социалдык тиркемелерге кызыга баштаган, Twetter тиркемесине @elonmusk баракчасын ачып белгилүү боло баштаган, 2022-жылдагы эсеп менен 82 млн катталуучу чогулткан.
8. Ал 3 мамлекеттин жарандыгын алган.
9. 20 жашында Zip2 стартап-компаниясын саткандан кийин мультимиллонер аталган.
10. 2023-жылдагы эсеп менен алганда анын финансылык абалы 192 млрд долларды түзөт.