14-майга карата коронавирус дагы 200 адамдан аныкталып, 235 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошол эле учурда Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан — 1, жалпы 6 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 768 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 464 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.
4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 527 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 463 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 845 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 953киши айыгып чыкса, 1 миң 687 адам каза болду.