Бир жумадан бери дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын сөөгү бүгүн саат 13.30дар чамасында табылган.
«Сөөктү жергиликтүү тургундар Серафимовка жана Туз айылдарынын ортосундагы суу сактагычтын жээгинен табышкан. Анын денесине сырттан караганда эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери байкалган жок. Туугандары кыздын сөөгүн аныкташты. Бардык жагдайлар такталып жатат», — деп билдиришти милициядан.
Эске сала кетсек, 14 -сентябрда Хадича Болотбекова Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес.