Бүгүн, 14-ноябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндө жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5 күндүз +4…+9
Таласта түнкүсүн 0…-5 күндүз +3…+8
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн+1…+6 күндүз +8…+13
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1 күндүз +3…+8
Нарында түнкүсүн-1…-6 күндүз +3…+8
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8 градус болот



