7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«1400 долларын алдыртып жиберген». Телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран кармалды

642

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери телефон аркылуу алдамчылык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралда телефондук алдамчылыкка байланыштуу кылмышка шектүү болуп  2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалды.

Милицияга Т.Р. аттуу жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, 11-январда ага «WhatsApp» мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн «Мбанктын» кызматкери деп тааныштырып, коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүү шылтоосу менен деп алдоо жолу менен эсептен 1400 АКШ долларын, тиркеме аркылуу эки банкта жалпы суммасы 119 600 сом болгон насыя алышканын билдирген. Ошентип алдоо жолу менен жабырлануучунун 244 643 сом суммасында акча каражатын алып кетишкен.

Кылмышка шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалып, сот тарабынан бөгөт кою чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

643