7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

15 жаштагы кыздын окуясы боюнча 21 жана 27 жаштагы жарандар кармалды

406

Бүгүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Акыйкатчынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоого чакырган макала жарыяланган. Бул макала боюнча Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз ага физикалык күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан. 23-август күнү жогорудагы окуя Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген. Жабырлануучуга соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучуну  ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б.  жана  Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. такталып,  тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана  коомчулукка кошумча  маалымат берилет.

407