7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды

136

Бүгүн, 10-сентябрда, Талас шаарында жана “Манас Ордо” улуттук комплексинин аймагында туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды.

Ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышты.

Жаңы борборлор саякатчыларга жолдо эс алууга, керектүү маалыматтарды алууга жана сапар учурунда ыңгайлуу шарттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Rest Point борборлорунда маалымат борбору, душ, санитардык түйүндөр жана кофейня каралган. Туристтер бул жерден аймактагы туристтик жайлар, маршруттар жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала алышат.

Долбоор Талас аймагындагы туристтик инфраструктураны жакшыртууга жана саякатчылар үчүн жол боюндагы сервистин сапатын жогорулатууга багытталган.

Жаңы борборлордун ачылышы Таласка жана “Манас Ордо” комплексине келген туристтер үчүн кошумча ыңгайлуулуктарды түзөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

137