Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, эки кыргыз жаранын мекенине кайтарып келүүгө жардам берди.
Маалыматка караганда, Р.Б. жана К.Э. аттуу жубайлар Казакстанга 2008-жылы иштеп келүү үчүн барышкан. Ошондон бери аларга Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында тариздөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Башкы консулдук тарабынан аталган жарандарды документтештирүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар көрүлүп, Кыргызстандын компетенттүү органдарынан тиешелүү документтерди алуу менен, жогоруда аталган жарандарга Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүктөр таризделип берилди.