Бишкекте акча опузалап талап кылган «жалган милиционер» кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайыык, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш 5» кичирайонунан «жалган милиционерди» кармашты.
Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жалган милициоенер И.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катарында тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынарын айтып, коркутуу жолу менен 150 миң сом акча опузалап талап кылган. Жабырлануучу ИИМге кайрылганга чейин И.С. андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган.
2-майда Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте И.С. жабырлануучудан 15 миң сом алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.
Учурда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү убактылуу кармоочу жайына камалды.