7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россияга барды

154

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалым болгондой, аэропорттон делегацияны Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Алгач төрага Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болуп, расмий делегацияга эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди.

«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», — деди төрага.

Ал эми «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская: «Биз билим деңгээлин баалоонун зарылдыгын түшүнөбүз. Бирок мындай процедуралар билим алууга тоскоолдук жаратпашы керек. Ар бир баланын жаңы чөйрөгө көнүп, толук кандуу билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жалпыбыздын милдетибиз», — деди.

Андан соң КРнын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) төрага Марлен Маматалиев делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.

«Мамлекет кайсы жерде болбосун өз жарандары менен дайыма бирге. Бүгүн көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге керектүү иштерди алып барабыз», — деди Марлен Маматалиев.

Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен төрага Марлен Маматалиев Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.

155