7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган кеңешме өткөрүлдү

257

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары, милициянын подполковниги Эмил Жакыповдун төрагалыгынын алдында Нарын облусунун аймагында орун алган жол кырсыктары жана аларды чечүү жолдоруна багытталган ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды:

Жол кырсыктарына туура талдоо жүргүзүп, аларды алдын алууда өздүк курамды жана тийиштүү күч каражаттарды натыйжалуу колдонуу менен жолдогу күзөт ордуларын күчөтүү;

Санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлерге берилген камера, «АвтоУраган» сыяктуу кызматтык каражаттарды туура жана максаттуу колдонуу;

Өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгын талдап чыгуу жана алардын сапатына, натыйжалуулугуна өзгөчө көңүл буруу;

Кызматкерлер арасында насаатчылыкты жигердүү жүргүзүү менен тартипти жана мыйзамдуулукту бекем сактоо;

Жол-транспорт кырсыктарын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте үгүт-насаат иштерин күчөтүү;

Туристтик мезгилге байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык чараларды күчөтүү жана кооптуу участоктордо алдын алуу иш-чараларын уюштуруу.

Жыйындын соңунда башкы башкармалыктын орун басары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, алдыдагы жарым жылдык жыйынтыктоочу кеңешмеде өз кызматына кайдыгер караган кызматкерлердин жоопкерчилиги каралаары эскертилди.

258